16.08.2018 18:15

Көчмөндөр оюндары эмнеси менен сүйүнтөт?

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттердин бардыгы сатылып кетти. Алардын дээрлик жарымын чет элдик коноктор алган. Бул тууралуу Чолпон-Ата ат майданынын директору Эламан Мамытов билдирди. Учурда жабылыш аземине гана билеттер калды. Алардын баалары ордуна жараша 300 сомдон 3800 сомго чейин. Бир нече күндөн кийин салтанаттуу иш чаралар өтүүчү жерлерге биздин чыгармачыл топ да барып, даярдыгын билип келди.