03.08.2018 15:00

Көчмөндөр оюндарына билет баасы канча?

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдерине бекер билеттер таратылбайт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн баса белгилешти.

Учурда 3000ге жакын билет сатылып кетти. Дагы саналуу гана орун бар. Баасы 350дөн 5000 сомго чейин. Быйыл билеттерди сатып алуу үчүн атайын кескин эрежелер киргизилген. Жөн гана акча берип алып кетүүгө болбойт. Билеттерди кантип жана кайсы жерден сатып алууга болот?