30.07.2018 17:47

Көчмөндөр оюндарына даярдык: мүйүз жаа кантип жасалат

Бир убактарда, жылкынын кылына илинип турган жамбыны ат чаап бара жатып жаа менен атып тушүргөн мергенчилер болгон. Доордун алмашышы менен байыркынын куралы жаанын ролу өзгөрүп жигиттин жонунда эмес, үйдүн дубалында илинип калды. Ошентсе да, жаа жараткандар жок эмес. Мындай өзгөчө өнөрдүн ээси Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылынын тургуну Болотбек Акунов. Ал 10 жылдан бери салбуурунчуларды жаа, жебе менен камсыз кылып келет. Уста мындан тышкары, мүйүздөн ар кандай буюмдарды, сувенирлерди жасайт.