Көлдүн Тоң районунда «Тескей Жээк» этно-фестивалы өтөт
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда 15-июлда этнотуризмди жайылтуу жана көчмөн цивилизациясынын каада-салттарын жандантуу максатында «Тескей Жээк» аттуу этно-фестивалы өтөт. Бул туурасында иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Этно-фестивалдын жүрүшүндө көчмөндөрдүн ат оюндары, тыйын эңмей, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар, «Салбуурун» аң уулоосунун элементтери көрсөтүлөт, жаа аткычтардын мелдеши, «Көк-бөрү» командаларынын таймашы жүрөт.
Кийизден ар кыл буюмдарды, сувенирлерди жасаган чеберлер келгендерге мастер-класстарды өтүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү дагы уюштурулат. Маданий программалар жана спорттук номерлер «Тескей Жээктин» этно-спорттук командасы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары тарабынан ишке ашырылат.
Коноктор менен катышуучулар боз үй тигүү жөрөлгөсүнө катышып. көчмөндөрдүн салты жана турмуш-тиричилиги менен тааныша алышат.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестиваль жыл сайын өткөрүлүп турат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: