11.06.2018 10:01

Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткен облусунун Лейлек районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматта, жеринде ӨКМдин 3-издөө-куткаруу отрядынан 53 куткаруучу, 1- өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 14 куткаруучу, ӨКМ Лейлек райондук бөлүмүнөн 25 куткаруучу иштеп жатканы айтылат.

Андан сыртары, Катраң чек-ара заставасынан 14 кызматкер; РЭТ ишканасынан 2 бригада 2 УАЗ унаасы, райондук медицина бөлүмүнөн 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам, №13 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 1 жүктөгүч, айыл аймактан 2 самосвал, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.

10-июнь күнү тартылган күч жана каражаттардын жардамында Кара-Суу айылындагы балдар бакчасы, 1 турак үй жана Катран айылында 2 турак үй жер тилкелери менен кошо сел калдыктарынан толугу менен тазаланган. Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолу тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылган. Ал эми РЭТ ишканасынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу айылында 2 даана электр мамычасы орнотулуп, электр энергиясы калыбына келтирилген. Райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери өлгөн 3 баш ири мүйүздүү малдарды көмүшкөн.

Ошондой эле Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысынын 2018-жылдын 10-июнь күнү №2/105 буйругунун негизинде Лейлек районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. Бүгүн  селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат деп маалымдайт мекеменин басма сөз кызматы.  

Селдин кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүүгө жана турак жайлары жабыркаган жарандарды чатырларга жайгаштыруу максатында ӨКМ тарабынан 10 орундуу 8 даана чатыр, 76 даана шейшеп жана жаздык тыштар, ар бири 20 литрлик 32 даана канистра, ар бири 14 литрлик 32 даана чака, 76 даана одеяло, 16 даана ашкана буюмдары, 32 даана брезент, 32 даана гигиеналык буюмдары КамАЗ унаасына жүктөлүп, Лейлек районуна жеткирилди.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 9-июнь күнү саат 16:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн. 

Жалпы район боюнча 16 турак үйгө, 1 балдар бакчасына сел суулары кирип, 112 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды суу агызып кеткен.