05.07.2018 09:10

Лейлекте май куюучу бекет өрттөнүп, тажик жараны жабыркады

Лейлекте май куюучу бекет өрттөнүп, тажик жараны жабыркады

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаштык айылында май куюучу станциядан өрт чыгып, андан тажик жараны жабыркады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 ӨКБдан 1 бөлүм жана Тажикстандын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм тартылып, жалпы 4 бөлүм иш алып барган.

Мындан сырткары КР ӨКМнин Лейлек райондук Өзгочо кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы да кырсык болгон жерге барышкан. Өрт саат 22:40да чектөөгө алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен 1 май куюучу станция толугу менен өрттөнүп, башкасынын кеңсеси күйгөн, бир тажик жараны жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажик Республикасынын медициналык тез жардам кызматы өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен.