22.05.2018 11:48

LG компаниясынын төрагасы каза тапты

LG компаниясынын төрагасы каза тапты

Түштүк Кореялык LG Group компаниясынын төрагасы Ку Бон Му  каза тапты. Акыркы учурларда ал баш мээ оорусунан жабыркап, бир нече жолу операция болгон. 

17-майда Ку Бон Мунун ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен ооруканага алып барышкан. Бирок, жатып дарылануудан ал өзү да, туугандары да баш тартышкан. Фирма башчысы үйүндө, жакындарынын жанында 73 жаш курагында каза тапты.

Ку Бон Мунун керээзине ылайык, аны акыркы сапарга узатууда масштабдуу  зыйнат уюштурулган жок. 

Компанияны эми анын 2004-жылы асырап алган баласы, LG Electronics фирмасынын топ-менеджери, 40 жаштагы Ку Кван Мо жетектейт. 

 LG Group компаниясынын директорлор кеңеши 17-майда шашылыш чакыртылган  отурумда Ку Кван Монун талапкерлигин көрсөтүштү. Бул сунушту акционерлер 29-июнда жактырышы керек.

Ага чейин фирманы  Ку Бон Мунун иниси жана буга чейин орун басары кызматын аркалап келген  Ку Бон Джун башкарып турат.