25.10.2018 15:35

Лос-Анжелесте 4-Эл аралык Азия кинофестивалы башталды

Лос-Анжелесте 4-Эл аралык Азия кинофестивалы башталды

Лос-Анджелесте Asian World Film Festival аталышындагы 4-Эл аралык Азия кинофестивалы башталды. Иш-чараны негиздөөчү Садык Шер-Нияз, аткаруучу директор Жордж Шамшум  жана программалык директор Асель Шерниязова ачты.

Бул жылы фестивалдын алкагында көрүнүктүү жазуучу Ч.Айтматовдун элесине арналган тасмалар, ошондой эле анын чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлөт. 

Быйыл кинофестивалдын калыстар курамына кыргызстандык кинорежиссер жана сценарист Дальмира Тилепбергенова кошулду.

Негизги конкурстук программага кыргыз кинорежиссеры Темир Бирназаровдун  «Түнкү кырсык» тасмасы катышат. Ошондой эле, салтка айлангандай, былтыр кореялык тасмалар көрсөтүлгөн болсо, быйыл катышуучуларга филиппин, түрк жана араб кинематографисттеринин эмгектери тартууланат. 

Кинофестиваль 1-ноябрга чейин өтөт.