26.04.2018 11:06

Мадрид губернатору супермаркеттен крем уурдаганы үчүн кызматтан кетти

Мадрид губернатору  супермаркеттен крем уурдаганы үчүн кызматтан кетти

Мадрид автономдук жамаатынын  губернатору Кристина Сифуэнтес  жалпыга маалымдоо каражаттары анын супермаркеттен крем уурдаганын жазып чыккандан кийин отставкага кетти.  Басылмаларда буга тийиштүү видеолор жарыяланган. Бул тууралуу RBK билдирет.

Пресс-конференция учурунда 53 жаштагы чиновник кызматынан “башты бийик көтөрүп кетип жатканын” билдирди.  Айтымында, ал кызматта турганда жасаган  иштери менен сыймыктанат.

Окуя 2011-жылдын май айында болгон. Кристина Сифуэнтес  жумушуна жакын жайгашкан супермаркеттен  бырышка каршы эки  крем уурдап жатканда кармалып калган. Алардын баасы – 40 евронун тегерегинде. 

Супермаркеттин көзөмөл камерасына түшүп калган видеону  Okdiario испан басылмасы жарыялаган. Тасмада күзөт кызматы аялды супермаркеттин ички  чарба  бөлмөсүнө алып келип, сумкасындагыларды көрсөтүүгө мажбурлап жатканы көрүнөт.

Сайттын маалыматына караганда, Сифуэнтес товар үчүн төлөгөн, андан улам супермаркеттин администрациясы полицияга кайрылган эмес.

Мурдараак, губернаторду документтерди жасалмалоо жана коррупция фактылары боюнча да айыптап чыгышкан болчу.