01.08.2019 14:35
Маевка айылынын суусу хром менен ууланып, ичүүгө жараксыз
© Pixabay
Бишкектин четиндеги Маевкада таза суу курамынан уулуу зат табылды. Айылдын тургундарына жарым жылдан бери коркунучтуу суу берилүүдө. Санэпидемстанция кызматы ичүүчү суу курамынан химиялык хром затынын чоң көрсөткүчүн аныкташкан. Таза суу Фрунзе заводунан чыккан калдыктан булганганы айтылат.
Жергиликтүү бийлик зыяндуу зат кошулган сууга Бишкектен сатылып алынган таза сууну аралаштырып, хром көрсөткүчүн төмөндөтүп турууга аргасыз болууда.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: