13.05.2020 15:30

Мал кайтарып жүргөн жаш жигитке чагылган тийип, каза тапты. Минип жүргөн эшеги дагы аман калган эмес

Мал кайтарып жүргөн жаш жигитке чагылган тийип, каза тапты. Минип жүргөн эшеги дагы аман калган эмес

Тоң районунда 25 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Маалыматты Тоң райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады, деп жазат Turmush басылмасы.

Окуя, кечээ, 12-майда Көл-Төр айылынын түндүк тарабындагы 2 чакырым алыста жайгашкан Саз участкасында болгон. Маркум эки айылдашы менен бирге мал кайтарып жүргөн. Саат 16:00 чамасында жаан жаап баштап, маркум А. уулу Э.ге жана ал минип жүргөн эшекке чагылган тийген. Маркум окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле минип жүргөн эшеги да өлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум төш чөнтөгүнө уюлдук телефонун салып жүргөн.

А. уулу Э. бойдок, 6 бир туугандын эң кичүүсү болчу. Атасы каза болуп калган.