16.05.2019 12:22

Мамлекеттик Тарых музейинин ачылышына эмне тоскоол болуп жатат?

Мамлекеттик Тарых музейинин ачылышына эмне тоскоол болуп жатат?

Жаңжалдан арыла албаган Тарых музейинин реконструкциясынан бул сапар Эсеп палатасы казынага зыян келгенин аныктады. Жүргүзүлгөн аудитте музейдин бекитилген концепциясына ылайык келбеген жабдуулар алынганы айтылат.

Бирок музейдин кызматкерлери аудиторлор мындай бүтүмдү эмнеге таянып чыгарышканын түшүнүшпөй, долбоор белгиленген багыттан чыкпай так аткарылганын белгилешет. Мындай териштирүүлөр бүтмөйүн, калаа тургундары менен коноктор жаңыланган музейге кире алышчудай эмес.