30.07.2019 15:12

Манас Ниязов: Көк бөрү - кыргыздын жүрөгүнө сиңип калган улуттук оюнубуз

Манас Ниязов: Көк бөрү - кыргыздын жүрөгүнө сиңип калган улуттук оюнубуз

Кыргызстандын эң мыкты улакчыларынын бири Манас Ниязов Америкадан чакыруу алды. Аны океандын ары жагына АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырышкан. Америкалыктар эмки жылы Түркияда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярданууда кыргызстандык көк бөрүчүнүн тажрыйбасын алууну туура көрүшкөн.

26 жаштагы Манас Ниязов Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасынын да оюнчусу. "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" наамдарынын ээсинин алдыдагы ири пландары жөнүндө айтып берди.