Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылуучу күн бекитилди
Билим берүү жана илим министрлиги өлкө мектептеринде бүтүрүү иш-чараларын өткөрүү күнүн бекитти. Ага ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу аземи 20-июнда саат 10.00дө өтөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал эми, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү 23-июнда саат 10:00дө башталат. Иш-чаралар мектеп аймагында гана болуусу тийиш деп жазылат билдирүүдө. Көңүл ачуучу жайларда же табигат койнунда иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Мектеп директорлоруна ата-энелер чогулушун өткөрүп, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча каражатын чогултууга чектөө салуу буйрулат. Ага ылайык, акча чогулткан класс жетекчилер, мугалимдер жана мектеп директору жумуштан алынууга чейинки жоопкерчиликке тартылат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: