08.06.2018 09:35

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышат, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы «Жийде-Бак» үрөн чарбасынын иши менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Ак-Талаа районундагы Ак-Талчак көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ат-Башы ГЭСинин иши менен таанышат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган турак-жайдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгат жана Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышмакчы.