09.04.2019 13:57

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү сөздөн ишке качан өтөт?

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү сөздөн ишке качан өтөт?

Жакында Өкмөт бир жылдык иши тууралуу Жогорку Кенешке отчет берет. Белгилей кетсек, былтыр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сапар Исаковдун министрлер кабинети жасаган иштерди эл өкүлдөрүнө жеткирип, тим болгон эле.

Бул ирет өкмөт башчы бир жыл убакытты өлкөдөгү көйгөйлөрдү аныктоо менен өткөргөнүн өзү мойнуна алды. Аткаруу бийлиги эми гана реформаларды жасоого даяр экен.