25.05.2020 14:28

Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Мукар Чолпонбаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылды. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору жана бийлик өкүлдөрү катышты. Анын ичиндеЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, саламаттыкты сактоо министри барган.

Мукар Чолпонбаев 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан көз жумган. Ал ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулуп, кече күнү каза тапты.

Белгилей кетсек, Мукар Чолпонбаев 1993-1995-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болуп иштеген. 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми 2000-жылга чейин парламенттин депутаты болгон. 2017-жылы өткөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер болгон.