08.05.2020 12:18

Музоого кол салып, Нарында колго түшүрүлгөн ак илбирс Тентек атка конду

Музоого кол салып, Нарында колго түшүрүлгөн ак илбирс Тентек атка конду

Нарын облусунда табылган ак илбирске Тентек деген ат ыйгарышты. Бул тууралуу NABU уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Толкунбек Асыкулов билдирди.

Ак илбирс 4-майда Нарын районундагы чабандар табышкан. Жырткычты музоого кол салганда кармашкан. Ал адамдарга тийген эмес.

Кийинчээрек илбирс Ысык-Көлдөгү Ананьев айылына НАБУ (NABU) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн реабилитациялык борборуна жеткирилген.

Анын абалын текшерүү үчүн Бишкектен Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери жана ветеринардык дарыгер жөнөтүлгөн. Текшерүүдөн кийин ак илбирстин оң көзү көрбөй калганы, тиштери түшүп, оозу жана мурду жабыркаганы аныкталган.