12.07.2019 11:35

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү: жаңы технологиялар майыптарга жардам берет

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү: жаңы технологиялар майыптарга жардам берет

Үч өлкөдөн 10 тайпа. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан. Баарынын көздөгөнү бир максат. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңил, ыңгайлуу жана кымбат эмес техникалык каражаттарды жаратуу. Ойлоп табуулар көрүүсү, угуусу начар, баса албаган адамдардын күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктарынан арылтышы маанилүү.