13.08.2018 10:09

Нарын шаарында куюн аралаш шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Нарын шаарында куюн аралаш шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Нарын шаарында куюн аралаш шамал турак үйлөрдүн чатырларын учурган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Нарын облусунун Нарын шаарында 2018-жылдын 12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырларын учурган.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу(ЖК) комиссиясы тартылган. 

Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташыганга жардам беришкен жана ЖК комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бүгүн,13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.