02.07.2018 14:06

Нарындагы памирлик кыргыздардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Нарындагы памирлик кыргыздардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздардын 5 баласы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Алар облустагы социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн  тандалып алынган 65 бала менен бирге эс алып кайтышат.

Балдар түшкөн унааны Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери коштоп келишмекчи. Балдардын тамак-ашына, жатаканасына деп бардыгы  317 миң сом каралган. 

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Памирден көчүрүлүп келген кыргыздарга жетиштүү көңүл бөлүнбөй жаткандыктан, алардын айрымдары кайра кетүүнү көздөп жатышканын билдирип чыккан болчу. Депутат Нарынга иш сапар менен  барууга камданып жаткан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага  памирликтерден кабар ала келүүнү сунуштаган.

Ал өз кезегинде 28-июндагы, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында 2017-жылдын күзүндө Афганистан Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринен тарыхый мекенине балдарын окутуу үчүн келген кыргыздар менен жолугушкан. 

Памирлик кыргыздардын саламаттыгы, балдарынын мектептеги окуулары, жашоо шарттары жана күнүмдүк тиричилигинен кабар алган Өмүрбекова  балдар үчүн Ысык-Көлдүн жээгине эс алуу уюштурулганын, каалоочулар бул жакка балдарын каалаган учурда жөнөтө алышарын билдирген болчу.