11.07.2018 16:38

Нурбек Токтакунов: Эксперттерге басым көрсөтүлгөнүн УКМК өзү далилдеди

Нурбек Токтакунов: Эксперттерге басым көрсөтүлгөнүн УКМК өзү далилдеди

«Мына, УКМК өзү эксперттерге басым көрсөтүлгөн фактыны далилдеди. Экспертизанын корутундусу чыккандан кийин, экспертиза дайындалган ишти тергөө уланып жаткан учурда эксперттерге кылмыш иш козгоо - бул эксперттерге басым көрсөтүү деген гана маанини билдирет», - деп жазды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов. 

Анын айтымында, атаандаш кылмыш процессинде экспертизанын шайкештиги, аны жүргүзүүнүн методологиясы боюнча суроолор коюла турган комиссиялык экспертизаны, комплекстүү экспертизаны дайындоо мүмкүнчүлүгү каралат.  Ал ошондой эле, аталган прецедент бул ээнбаштыкка тиешеси бар улуттук коопсуздук органдарынын жана башкы прокуратуранын сабатсыздыгынын далили экенин баса белгиледи. 

 «Алар өз милдеттери башкаруучу топко эмес, мыйзамга жана коомчулукка кызмат кылуу экенин түшүнүшө элек. Мындай атайын кызматтар менен мындай башкы прокуратура президентти аңга түшүрөт. Президенттин жакындары, бул тууралуу ага [президентке] эскертип койгула», - деп билдирди Нурбек Токтакунов.

Эскерте кетсек, 6-июлда Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаңылоонун жүрүшүндөгү коррупция боюнча 303-берене менен ачылган кылмыш ишин иликтеп жаткан УКМКнын тергөөчүлөрү КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын курулуштук-техникалык экспертиза боюнча адистерине кысым көрсөтүп жатышканы тууралуу маалыматы бар экенин жазып чыккан.