15.05.2020 14:27

Орто мектептин бүрүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо аземине онлайн түрүндө гана катыша алышат

Орто мектептин бүрүрүүчүлөрү акыркы коңгуроо аземине онлайн түрүндө гана катыша алышат

Быйыл орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо онлайн түрүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, акыркы коңгуроо телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу чагылдырылат.

“Жыл сайын мектептерде акыркы коңгуроону салтанаттуу түрдө өткөрүп келдик. Бирок, быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып аны онлайн түрүндө өткөрөбүз. Биздин журналисттер телеканалдардан жана социалдык тармактардан кетүүчү #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акцияны кое беришти. Ошондуктан бардык жылдыздарды жана белгилүү адамдарды бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, маанайларын көтөрөбүз!”, - билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кыргызстанда 9-класстын 103 670 окуучусу жана 11-класстын 58 730 бүтүрүүчүсү бар.

Билим берүү жана илим министрлиги аттестаттарды өз убагында берилээрин бышыктады.