25.04.2018 15:32

Ошто мектеп окуучулары менен мугалимдери ууланды

  массалык уулануу (1 материал)
Ошто мектеп окуучулары менен мугалимдери ууланды

25-апрелде саат 11:45те Ош облус аралык клиникалык ооруканага тез жардам кызматынын унаасы менен 17 адам жеткирилген. Алар белгисиз затка ууланган.  Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ооруканага түшкөндөр Ош шаарынын бир мектебинен келгендер.  

Алардын 15-окуучулар болсо, экөө –мугалим. Жабыркагандардын абалы туруктуу, тиешелүү дарылануу алып жатышат.

Ош шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануунун себебин аныктоо үчүн изилдөө иштерин жүргүзүүдө.