24.05.2018 08:30
Пакистанда ысык аба ырайы 65 адамдын өмүрүн алып кетти
Пакистандагы куйкалаган ысык аба ырайынан 3 күндүн ичинде 65 адам каза тапты. Бул туурасында CNN телеканалы билдирди.
Дүйшөмбү, 21-майда өлкөнүн түндугүндөгү Карачи шаарында абанын температурасы +44 градуска жеткен. Адатта, май айында аба +35 градуска дейре ысычу.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, июнь айынын ортосунда гана абанын температурасы төмөндөйт.
2015-жылы өлкөдө аномалдуу ысыктан 1300 адам каза тапкан болчу.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: