Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди
Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул туурасында Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жеткирилди.
Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген, жүктүн жалпы салмагы болжол менен 60 тоннаны түзөт.
Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дарыгер-кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог жана телеканал журналисттери катышты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: