03.03.2020 13:52

«ПолитКлиника» сайтынын кеңсесине белгисиз бирөөлөр кирип, баалуу буюмдарга тийбей, хард-дискти уурдашкан

«ПолитКлиника» сайтынын кеңсесине белгисиз бирөөлөр кирип, баалуу буюмдарга тийбей, хард-дискти уурдашкан

3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин белгисиз бирөөлөр карактап кетишти. Бул тууралуу аталган сайттын  башкы редактору Дилбар Алимова билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз бирөөлөр терезедеги тосмону сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүн» экенин «Азаттыкка» билдирген.

Редакция жамааты факт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Милиция кызматкерлери кеңсеге келип, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тартып гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн.