22.03.2018 12:42

Премьер-министр бүгүн эки акимди кызматтан алды

Бүгүн Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев кызматтан алынды.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругуна ылайык, Чүй облусунун Москва районунун акими Таалай Иманкулов ээлеген кызматынан боштулду.   

Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.