06.07.2018 14:14

Премьер-министр «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун курулушу менен таанышты

Премьер-министр «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун курулушу менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Балыкчи-Корумду» унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөт башчыга бүгүнкү күнү «Балыкчы-Корумду» жолунун 33дөн 43,5-чакырымына чейин жана 85тен 104-чакырымына чейин асфальтбетон жаткыруу иштери аяктаганын билдирди.

Ошондой эле жолдун 23-33-чакырымдарында эски асфальтбетон катмарын кырып таштоо жана негизги катмарды жаткыруу иштери жүрүүдө. Иштерди 2018-жылдын августуна чейин аяктоо пландалууда.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылы жалпысынан «Балыкчы-Корумду» жолунун жалпы узундугунун 71 км курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады.

Өкмөт башчы: «Курулуш иштерин жайкы туристтик мезгилде эс алуучуларга ыңгайсыздыктарды жаратпастан, бекитилген график боюнча жүргүзүү зарыл»,- деп билдирди.

Премьер-министр курулуш иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнөрүн, буга байланыштуу финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну катуу көзөмөлдөөнү камсыздоо керектигин баса көрсөттү.

Мындан тышкары ал ырастагандай, «Лонг-Хай» жалданма компаниясы субподрядчик компаниялардын маселелерин тез арада чечүүсү зарыл. Премьер-министр жол жээгиндеги инфраструктураларды жакшыртуу жана жолдун курулушу аяктаган тилкелерди тазалоо иштерин бүткөрүүнү тапшырды.