06.06.2018 17:43

Премьер-министр ипотекалык насыяны 6 % үстөк менен берүү маселесин карап чыгууну тапшырды

Премьер-министр ипотекалык насыяны 6 % үстөк менен берүү маселесин карап чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 6-июнда, «Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын» ишмердиги тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Анда МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында  3 миң 118 үй-бүлө турак жай менен камсыздалганын айтты. Бул максатта Мамлекетик ипотекалык компания  3,43 млрд сомдон ашуун сумма короткон.  

«Кыймылсыз мүлк сатып алууга насыя берүү менен катар компания тарабынан Нарын жана Бишкек шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүүдө. Курулушу аяктаган соң батирлерди андан кийинки сатып алуу менен 15 жылга чейинки мөөнөткө узак мөөнөттүү ижарага берүү каралууда», - деди ал.

Анын айтымында, ипотекалык насыялоонун негизги каржы булагы - өлкөнүн өкмөтүнүн чечими менен берилген  2,8 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда болуп саналат.

«МИК» ААКнын насыя боюнча төмөнкү чени жылдык 8-10%ды түзөт. Көрсөтүлгөн сумма бюджеттик ссуданын 2% кайтарымдык чен менен берилгенинен келип чыккан, коммерциялык банктардын кызматтары 4%, МИК операциялык чыгымдары – 2% түзөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «МИК» ААКнын жетекчилиги жана коммерциялык банктар социалдык багыттагы долбоорлордон акча таап жатышканына нааразычылык билдирди.

«Биздин жарандарыбыз эмгек акысынын жарымын насыяны үчүн берүүгө мажбур болушууда. Алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн карызга акча алып жатышат. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш жактар киреше тууралуу гана ойлоп отурушат. Буга жол бербешибиз кажет. Биз бюджеттен акчаны коммерциялык банктардын кирешесин өстүрүү жана ипотекалык компаниянын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бөлгөн жокпуз», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Кеңешменин жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6 пайызга  чейин кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы өз аталышына татыктуу болушу керек. Азыркы шарттар социалдык тармактагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн туура келбейт. Ипотекалык насыялоонун шарттарын жакшыртуу Өкмөттүн алдында турган башкы милдеттеринин бири», - деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы калкты ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо жана республика боюнча анын катышуучуларын кеңейтүү иштерин улантууну тапшырды.