16.07.2018 16:22

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузияга иш сапары менен жөнөп кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузияга иш сапары менен жөнөп кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузияга иш сапары менен жөнөп кетти. Ал жакта кмөт башчы Тбилиси шаарында  өтө турган “Ачык өкмөт” саммитине катышат. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш сапар 3 күнгө созулуп, анын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, өкмөт башчы Мамука Бахтадзе баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушат. 

Премьерди Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ички иштер, саламаттык сактоо министрлери жана башка аткаминерлер коштоп жүрөт.