28.03.2018 16:46

Президент Башкы прокуратуранын ишинде жылыштар бар экенин белгиледи

Президент Башкы прокуратуранын ишинде жылыштар бар экенин белгиледи

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Башкы прокурор Мамлекет башчысына Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин аткаруу максатында прокуратура органдарынын коррупцияга каршы иш-аракети жөнүндө маалымат берди.

Президент прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлүп, жылыштар бар экенин белгиледи.

Ал Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин коррупционерлерге карата чечкиндүү чараларды күткөн жарандык коом активдүү болуп жатканын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин прокуратура органдары өлкөнүн бардык областтарында жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте жыйындарды өткөргөн. Коррупцияга каршы күрөш боюнча абалды талдоонун негизинде иш-чаралар планы иштелип чыкты. Бул планга ылайык жумуштар күчөтүлүп жатат.

Мындан тышкары Индира Жолдубаева Башкы прокуратура негизсиз токтотулган же кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап  жатканын билдирди.