06.04.2018 16:58

Президент Жээнбековдун Түркия, Бельгия өлкөлөрүнө иш сапары күтүлүүдө

Президент Жээнбековдун Түркия, Бельгия өлкөлөрүнө иш сапары күтүлүүдө

Сооронбай Жээнбеков 9 -10-апрель күндөрү Түркияга иш сапар менен баруусу күтүлүүдө. Ал эми 11-12-апрель күндөрү президент Бельгияга сапар тартат. Бул туурасында Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.   

Сыдыковдун айтымында, Түркияга иш сапар – эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана күчөтүү максатын көздөйт. Тараптар айыл чарба жаатында кызматташуу жана инвестицияларды коргоо тууралуу макулдашууга кол коюшат. Сапар алкагында Жээнбеков  Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырым менен жолугушат.

11-12-апрелде Президент Бельгияга иш сапар менен барат.  Ал жакта  Жээнбековдун Евробиримдиктин жетекчиси менен жеке кызматташууну түзүүнү пландап жатканы маалым болду.

Брюсселлде Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуусу боюнча жаңы макулдашуулардын түзүлүүсү талкууланат. Андан сырткары, Кыргызстандын приоритеттүү делген тармактарына инвестиция тартуу боюнча кеп болот. Жээнбеков Евробиримдиктин чет элдик иштер, саясат коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини менен жолугат. Андан сырткары, Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер, Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни менен да кезигет.