05.04.2018 11:46

"Простоквашино" мультсериалынын уландысы 1 суткада эле 14 млн көрүүчү топтой алды

"Простоквашино"  мультсериалынын уландысынын биринчи сериясы интернетке коюлган биринчи суткада эле 14 млн көрүүчү топтой алды.  Мындай маалымат "Союзмультфильмдин"  "ВКонтакте" жана  "Одноклассники" социалдык түйүндөрүндөгү расмий топторунда айтылат.

“Легендарлуу "Простоквашино" мультфильминин уландысынын  1-сериясын бир суткада эле 8 миллиондон ашык  адам көргөн. Биздин социалдык түйүндө буга чейин бир да мультфильм бир күндө мынча көрүүчү топтогон эмес”, -деп билдиришти “ВКонтакте” түйүнүнүн маалымат кызматынан. Айтымдарында, колдонуучулар өз баракчаларында бул жаңылык менен бөлүшүп, башкы каармандарды кызуу талкуулап жатышат. 

 "Одноклассники"  тармагынын маалымат кызматы мультфильмдин 1-сериясы интернет колдонуучуларда  чоң кызыгуу жаратканын маалымдады. “Бир суткада эле жаңы эпизод 6 миллион жолу көрүлдү жана бул сан дагы да өсүүдө”, - дешет алар.  

Мультфильм жөнүндө.

Жаңы мультфильмдин бет ачары 3-апрелде болгон.  Биринчи серияны 12-мартта каза болгон Олег Табаковдун элесине арнашкан. Жаңы серияларды бекер көрсө болот.

Көрүүчүлөрдү чоңоюп калган Фёдор байке күтөт, ал 9 жашка чыкты, Фёдордун эми карындашы дагы бар –Вера Павловна. Простоквашинодогу үйдө жаңы тургун пайда болду –  кемиргич Тама-Тама.

Фёдордун апасынын үнүн теле алып баруучу Юлия Меньшикова коштойт, Печкин Иван Охлобыстиндин үнү менен сүйлөйт, Шарик –Гарик Сукачев, Матроскиндин үнүн – Олег Табаковдун уулу Антон   коштойт.

Башкы каарман Фёдордун үнүн коштоо бактысы  11 жаштагы актёр Алексей Онеженге туш болду.

2 жыл ичинде 6,5 мүнөттүк 30-серия чыгарылат.