02.04.2018 17:01

Россияда соода борборлорундагы балдар оюн-зоок жайларын ылдыйкы кабатка көчүрүшөт

Россияда соода борборлорундагы балдар оюн-зоок жайларын ылдыйкы кабатка көчүрүшөт

Россияда соода-көңүл ачуучу борборлордогу кинозалдар менен балдар оюн-зоок жайларын ылдыйкы кабатка көчүрүү демилгеленүүдө. Мамлекеттик дума соода борбор жетекчилерин бул шартты  быйыл  аткарууга    милдеттендирет.

Мындай маалымат менен “Россия 1” телеканалынын эфиринде Мамдуманын коопсуздук жана коррупцияга каршы туруу комитетинин төрагасынын орун басары  Анатолий Выборный бөлүштү. Бул туурасында ТАСС билдирет.

"Биз жыл акырына дейре ишти ченемдик-укуктук жактан жөнгө салуучу документтерди бүтүрүп,  жыл аяктагыча соода борборлору кайра уюштуруу иштерин жүргүзүп башташат деген үмүт бар”, - деди ал.

Выборный ошондой эле, Мамдума коопсуздук талаптарына туура келбеген кызмат көрсөтүүлөр үчүн жазаны  күчтөндүрөөрүн  айтты.