28.08.2018 10:48

Россиялык аба базасынын капитаны эне-баланы сүзүп кетти. Аял жеринде каза тапты

Россиялык аба базасынын капитаны эне-баланы сүзүп кетти. Аял жеринде каза тапты

Россиянын Кантта жайгашкан авиабазасынын капитаны Лебединовка айылынан балалуу аялды автоунаасы менен койдуруп кетти. Бул туурасында күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, kaktus.media жазып чыкты.

Кырсык кечээ, 27-августта болжол менен түн ичинде болгон. 42 жаштагы аял 3 жаштагы уулу менен Лебединовка айылындагы«Шекер» дүкөнүнөн чыгып, жөө адамдар өтмөгүнөн өтүп келаткан. Дал ушул учурда «Hundai Tucson» үлгүсүндөгү унааны башкарып келаткан А.К. аттуу аскер кызматчысы аларды сүзүп кеткен. 

«Алган жаракаттарынан улам, аял кырсык болгон жерде каза тапты. Бала оор абалда шаардык балдар ооруканасына жеткирилди», - деп билдиришет милиция кызматкерлери. 

Айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес. Унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.