06.04.2018 11:40

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 76 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке 76 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Башкы прокуратура КР УКМК караштуу Антикоррупциялык кызматынан түшкөн материалдарга таянып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин текшерип чыкты. Материалда бөйрөктүн өнөкөт оорусунан жапа чеккен бейтаптар үчүн гемодиализ процедураларын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамсыз жүргөнү көрсөтүлгөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык адамдары 2015-жылдын майынан 2016-жылдын декабрына чейин гемодиализ процедураларын сатып алуунун жүрүшүндө эч кандай соодалашуу жана баага мониторинг жасоо жүргүзбөй туруп, жеке медициналык мекеме менен пайдасыз макулдашуу түзүшкөнү аныкталды.

Анын айынан мамлекет бюджетине 75 млн 972 миң сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-берене  (КР кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди түзүп, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ишти андан ары иликтөө үчүн материалдар тиешелүү органга жөнөтүлдү.