22.11.2018 17:42

Салык кызматы тамадаларды текшерди

Салык кызматы тамадаларды текшерди

Тойлорду тейлеп жүргөн жарандардын кулагына күмүш сырга. Патенти жок иштеген 44 тамада жоопкерчиликке тартылды. Эки айдан бери салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында рейд жүргүзүп, тойдо кызмат көрсөткөн ишкерлерди текшерүүгө алган. Жыйынтыгында, уруксат берүүчү документтерсиз эмгектенген алып баруучулар кармалып, аларга карата акт түзүлдү.

Киреше булагына ээ болгон ар бир жаран салык төлөөсү кажет. Андыктан, маданият өкүлдөрү патент менен иштөөсү зарыл, дейт салык кызматындагылар. Бишкектеги тойдун алып баруучуларына айына эки жарым миң сом болсо, башка облустардын тамадалары үчүн төлөмдүн баасы беш жүз сом.

А бирок, бардык эле маданият кызматкерлери мындай чечимге макул эмес.