11.05.2018 09:37

Самаркандда окуучуну мектеп дарбазасы басып калып мерт болду

Самаркандда  окуучуну мектеп дарбазасы басып калып мерт болду

Самаркандда орто мектептин 6-классынын окуучусун 4-майда темир дарбаза басып калып мерт болду. Баланын туугандары мектептин короосундагы дарбаза жергиликтүү ишкер тарабынан мыйзамсыз орнотулганын, ошондуктан кулап калганын билдиришүүдө.

"Жээним жана башка окуучулар мына ушул жапыз дарбазадан дайыма өтүшчү. Бул бир жыл мурун мектептин жанында жашаган жергиликтүү ишкер тарабынан орнотулуптур. Дарбаза туура эмес коюлган, пайдубалы болгон эмес, андыктан шалактап турчу. Жээним дарбазага асынып өтмөк болгондо, ал кулап кетип башын басып калган", – деди маркумдун тууганы.

Мектеп директору окуу жайдын анча чоң эмес бөлүгү жергиликтүү ишкерге берилгенин тастыктады. Анын айтымында, ишкер жер тилкесине спорт зал курууну убада кылган.

Бирок жергиликтүү тургундардын бири директор калп айтып, жоопкерчилик алгысы келбей жатканын билдирди.

"Мен мектепке кошуна жашайм. Ишкерди жакшы тааныйм. Шаарда анын курулуш материалдарын саткан дүкөнү бар. Мектептин аймагына ал кампа салгысы келген. Бизге спорт залдын кереги жок, себеби чоң спорт залыбыз бар. Мен силерге анын сүрөтүн дагы жөнөтө алам. Маркум Жонибек дагы ошол спорт залда самбо менен машыкчу", – деди айыл тургуну.

Шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча комментарий бере элек.