13.04.2018 10:20

Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды

Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды

Санкт-Петербург шаарында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Таврия сарайында уюштурулган көргөзмөгө кыргыз сүрөтчү-скульпторлордун эмгектери коюлган. Белгилей кетсек, быйылкы жыл КМШда Маданият жылы деп жарыяланган.

Иш-чарага учурда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйынына катышып жаткан кыргыз парламентарийлери дагы барышты.

«Кыргызстандын жылуу шамалы» аталышындагы бул көргөзмөдө Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандык мекендештерибиз Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган.

Сүрөтчү Таалайбек Мусурманкуловдун айтымында,  кыргыз элинин кооз жаратылышын чагылдырган картиналарга Россияда суроо-талап жогору.