29.05.2018 10:02

Сапар Исаков кайра УКМКга сурак берет

Сапар Исаков кайра УКМКга сурак берет

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду бүгүн, 29-майга, саат 14:00гө кайра сурак берүүгө чакырышты. Бул туурасында КСДПдан билдиришти. 

Бул Сапар Исаковдун Коопсуздук кызматына болгон 3-сапары болот. 

Эмне себептен чакыртканы али белгисиз. Партиялаштары бул ЖЭБдеги жаңылоо иштерине байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдо. 

Эскерте кетсек, буга чейин 26-апрель, 14-май күндөрү Сапар Исаков ЖЭБдеги авария, кытайлык компания тууралуу УКМКга сурак берип чыккан.  14-майда мурунку өкмөт башчы түшкө чейин бир жолу, түштөн кийин дагы бир ирет кирип чыккан.