29.05.2018 20:41

Сапар Исаков: Көрсө, соцтармактарда мени каралап, айыптоого негиз камдап жатышкан тура

Сапар Исаков: Көрсө, соцтармактарда мени каралап, айыптоого негиз камдап жатышкан тура

Коопсуздук комитетинде бүгүн 6 сааттай сурак берген Сапар Исаков, тергөөчүнүн кабинетинен чыккан соң, ага тагылган айып күтүүсүз болгонун, али өзүнө келе албай турганын билдирди.

«Мен эмне айта алам... Канчалык кайнап жатканымды түшүнө алаар бекенсиңер? Демек, мунун баары мурдатан даярдалган экен да. Социалдык түйүндөрдө жана ЖМКларда менин атымды каралап, айып тагууга негиз камдап жатышкан турбайбы. Мени такыр кылмышкер кылып салышты. Эми жактоочуларым менен тыгыз иштешем. Өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдейм. Кыскача айтсам, мен азыр «шок»  абалындамын», -деди Исаков.

Ал ошондой эле, кытайлык компания өкүлдөрү менен жолуккан деген маалыматты төгүндөдү.