20.04.2018 17:37

Сара Бергер: Кыргыз актерлору менен иштешүүдө кыйынчылык жаралган жок

Сара Бергер: Кыргыз актерлору менен иштешүүдө кыйынчылык жаралган жок

Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 1,5 айдан бери иш кызуу жүрүүдө. Аталган театрдын чыгармачыл тобу Лондондон келген режиссер Сара Бергер менен бирге Шекспирдин «Макбет» пьесасы боюнча спектакль коюуга камданып жаткан кези. Анда кыргыз артисттери менен бирге британ актерлору дагы ойнойт. Сара Бергер April.kg кабарчылары менен өзүнүн жумушу жана Кыргызстандан алган таасири тууралуу бөлүштү.

-  Менин Кыргызстанга келгениме 1,5 ай болду.  Бул 3-жолу келишим. Ар келген сайын өлкө жөнүндө жаңы маалымат алып кетем. Мисалы, силердин аябай бай маданий тарыхыңар бар экенин  билдим. Кыргызстандын эли меймандос, ачык-айрым адамдар экен. Анан да силерде каражат топтоо оор экенин билдим.  

- Мисалы, тактап кетсеңиз?

- Негизи эл аралык долбоорлорду ишке ашырыш кымбатка турат. Мен азыр өз акчама келип, өз акчама жашап жатам. Биздин  долбоор дагы деле акчага муктаж. Балким, демөөрчүлөр чыгып калабы деген үмүт бар. Андан да жакшысы, эл өзү келип, биздин спектаклди көрүп кетсе, бул биз үчүн чоң колдоо, чоң жардам болмок. Бизге ким гана болбосун, эл аралык долбоорлорго  кызыккан ишкерлер болсо, кызыктар тараптар болсо келип жардам берсе  болот. Бул жардам унутта калбайт. Менин Лондондо актерлорго жардам берүүгө багытталган компаниям бар. Азыр мага ким жардам берсе, мен кийин кайра ага жардам колун сунганга кудуретим жетет.

- Кыргыз актерлору менен иштеш сизге оор болгон жокпу?

- Мен үчүн кыргыз актерлору менен иштегендин эң кызыктуу тарабы, силердин  драмтеатрда система бар экен. Мурун бизде да - Европада ушундай система бар болчу. Актерлор профессионалдык карьерасында ушул жерде окуп, ушул  жерде өсүп, анан иштеп башташат турбайбы. Алар бир үй-бүлө сыяктуу болуп калышат да, бири-биринен  тартынбастан, профессионалдык тажрыйба алып, сонун ойноп  аткара беришет. Бул жаатта иштеген мага жаңылык болду.

- Англияда театрлар кандай система менен иштешет?

- Бизде мурун күчтүү система бар болчу негизи. Азыр биз фрилансер катары иштейбиз. Башында 3 жыл драма колледждеринде билим алабыз. Анан кийин туш-тушка тарап кетип, ар ким өз арбайын өзү согот.

- Станиславский системасы сиздерде  колдонулабы?

- Албетте, мен ошол Станиславский системасында окуп чыккан адаммын.  Азыр улуу муундагы актерлор бири-бирибизди жакшы түшүнуп жатабыз. Анткени, алар кандай системада окуган болсо, мен да ошол система менен билим алгам. Андыктан, бизге чогуу иштешкен жеңил болду.

- Эмне себептен «Макбетти» тандап алдыңыз?

- Бул пьесаны тандап алганымдын эки себеби бар. Биринчиден, мен өзүм мурда Макбет айымды ойногондуктан, бул пьесаны жакшы билем. Экинчиден, «Макбетте» окуя триллер сыяктуу динамикалуу кетет. Аудитория актерду түшүнбөсө да, сахнада эмне болуп жатканын кыймыл-аракеттен эле  кыйналбастан жеңил түшүнө берет.

- Бул жерде демек тил анча маанилуу эмес тура?

- Жок, оюн кыргыз жана англис тилдеринде болот. Буга карабай, ким кааласа көрүп, түшүнө алат.

- Актерлор менен иштешүүдө тил жагынан кыйналган жоксузбу?

-Жок, дүйнө боюнча актерлордун тили бирдей. Биз бири-бирибизди тушүнөбүз.

- Башкы ролдорду кимдер ойнойт?

- Башкы ролдо 4 актер бар: Альбина Имашова, Атай Өмүрбеков, Стив Хэй жана Клэр Картрайт.  Бир күнү кыргыз Макбет айым менен британ Макбет ойносо, кийинки күнү кыргыз Макбет менен британ Макбет айым ойнойт. Жана алардын жан дүйнөсүн чагылдырып берчү 2 актер болот. Алар: Азиз Мурадиллаев жана Айсалкын Кийикбаева. Экөө тең таланттуу, кыргыз элине таанымал актерлор болгондуктан, көрүүчүлөр алар ойноп жатканда эле оюнду түшүнүп алышат.

- Сиз кыргыз  драматургиясы менен таанышсызбы?

- Мен Лондондон кыргыз оюндарын көргөм. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматовду билем. Жада калса, жакында эле Британ элчилигинде Толгонайды ойноп бердим.  

- Лондондо театрларга жакшы көңүл бөлүнсө керек?

- Мен Кыргызстандагы театрдын иштөө  системасын көрүп суктандым. Эми барганда Англиядагы эски системаны  кайра кайтарганга аракет кылам. Акча маселесине келсек, ооба, бизде актерлорго жакшы төлөнөт. Бирок, иштегенде гана төлөнөт. Кээде жарым жылдап жумушу жок отуруп калган күндөр болот. Анын үстүнө Лондондо Бишкекке салыштырмалуу жашоо - кымбат. Ошонун баарын эсепке алганда, тапкан акчабыз бирдей эле болуп калат десем  да болот.   

- Биздин окурмандарга театрга эмне себептен баруу керек экенин айта кетсеңиз?

- Театр, анын ичинде эл аралык театр - окуяларды ачып беруунун мыкты жолу.  Бул кайсы гана элдин болбосун маданиятынын бир бөлүгү  болуп келген жана боло берет. Мындай оюнду театрдан гана көрө алат. Биз тандаган чыгарма –мыкты чыгарма. Аны эл аралык театрдан башка жерде, мындай деңгээлде көрө алышпайт.

- Оюнду кыргыз көрүүчүлөрү качан көрө алышат?

- 1,2,3,4 -май күндөрү кыргыз драма театрынын сахнасында коюлат. 

Cүрөттөр: Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги жана April.kg