21.11.2018 11:34

Шаар тургуну Бишкектеги май куюучу жайлардын бириндеги шалаакылыкка- нааразы

Шаар тургуну Бишкектеги май куюучу жайлардын бириндеги шалаакылыкка- нааразы

Бишкекте Сүйөркулов жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Red Petroleum» май куюучу жайында өрткө каршы эрежелер бузулду. Бул тууралуу April.kg порталына шаар тургуну билдирди. 

Анын айтымында, унаасына май куюп жаткан убакта пистолеттен түтүк чыгып кетип, май жерге аккан. «Мен пистолетти сайып, май кетип жаткан. Бир маалда «чык» деген үн чыкты да, түтүк чыгып кетип, бензин жерге төгүлүп баштады. Мага да чачырады. Мен операторго май берүүнү токтот деп кыйкырып, башка унаанын ээлери да жардамдашып, майды токтоттук. Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Кокустан өрт чыгып кетсе, мен да, унаам да, май куюучу жай да өрттөнмөк», - дейт окурман. 

Ызы-чуудан улам, компаниянын менеджери чуркап чыккан. Ал тескерисинче, унаа ээсине кыйкырып баштаган. Менеджердин мамилесин тасмага түшүрүп баштаганда, компаниянын кызматкери телефонун колунан жулуп алып, тартып үлгүргөн тасманы өчүрөм десе гана, кайтарып берерин айткан. 

Унаа ээси компаниянын колдоо борборуна арызданган. Кызматкерлер арызды каттап, унаа ээсинен кечирим сурап, түтүктү оңдогондон кийин кайра байланышка чыгышаарын убадалашкан.

«Бир жумадан бери компаниядан эч ким чалган жок. Менин кайрылуума кайдыгер мамиле кылышты», -дейт шаар тургуну.