11.12.2019 09:30

Шахтада газга ууланып төрт киши каза болду

Шахтада газга ууланып төрт киши каза болду

Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андан алынга маалыматка ылайык, окуя 10-декабрда саат бештер чамасында Сүлүктүдөгү «Ормон» аттуу көмүр казган шахтада болгон.

Маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Учурда тиешелүү текшерүү жүрүп жатат.

Кыргызстанда шахталарда адам өмүрүн алган кырсыктар утур-утур болуп турат. Буга чейин октябрь айында Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча көмүр казып жаткан алты адам газга ууланып каза болгон.

Кырсыктан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев атайын жыйын өткөрүп, шахталардагы коопсуздук эрежелерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.