13.03.2020 17:00

Шайлоо-2020: Балыкчыда жергиликтүү кеңешке кайсы партиялар, кандай тизмек менен кетээри белгилүү болду

Шайлоо-2020: Балыкчыда жергиликтүү кеңешке кайсы партиялар, кандай тизмек менен кетээри белгилүү болду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шаардык кеңешке шайлоого карата партиялардын шайлоо бюллетениндеги кезеги түзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жергиликтүү кенештердеги шайлоого карата 11 саясий партия документтерин тапшырышкан.

“Кара көтөн” кармоо ыкмасы аркылуу саясий партиялар кандай кезек менен шайлоо бюллетенинде тизилээри аныкталган.

Жыйынтыгында 11 саясий партия төмөндө көрсөтүлгөн кезек менен бюллетенде көрсөтүлүшөт:

1. «Биримдик»;
2. «Улуу Журт»;
3. «Өнүгүү-Прогресс»;
4. «Ата-Журт»;
5. «Табылга»;
6. «Замандаш»;
7. «Социал-демократтар»;
8. «Мекеним Кыргызстан»;
9. «Мекен Ынтымагы»;
10. «Эмгек»;
11. «Кыргызстан».