20.12.2019 08:38

Ширин Айтматованын жолдошун кармап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камашты

Ширин Айтматованын жолдошун кармап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камашты

«Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошун Алматыдагы аба майдандан кармашты. Бул тууралуу ал Twitterге жазды.

Анын айтымында, кармоо себеби белгисиз. Бирок жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап, Бишкекке алып келишти.

УКМК Ширин Айтматованын жолдошунун кармалышы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча күбө катары өтүүдө. Ал жакында эле сурак берип  чыккан.