16.03.2018 16:56

Сириялык уюмдар футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоону өтүнүшөт

  сирия (1 материал)
Сириялык уюмдар футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоону өтүнүшөт

20дан ашуун сириялык коомдук уюм  Батыштын төрт  мамлекетинин өкмөтүн Россияга футбол боюнча дүйнө чемпионатына бойкот жарыяланышы мүмкүндүгү тууралуу эскертүү берүүгө чакырды. Мындай кайрылуу Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франция бийлигине жолдонду.  Уюм мүчөлөрү мындай жол менен Россиянын Сирияга болгон саясатын өзгөртүүнү көздөшөт.  

Алар орус бийлиги Сирия президенти Башар Асадга басым жасап, аны Чыгыш Гутаны бомбалоону токтотууга мажбурлашы керек деп эсептешет.

2013-жылдан бери Дамаск шаарынын айланасында  400 миңдей жаран курчоодо турат. Аларга азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана электр жарыгы жетишсиз. 

Быйыл февралда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутадагы оппозициялык топторго абадан сокку ура баштаган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун маалыматтары боюнча, андан бери каза тапкан тынч  тургундардын саны 900дөн ашкан. «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму курман болгондордун саны миңден ашканын билдирүүдө.