25.04.2018 11:56

Сооронбай Жээнбеков: Бийликте биримдик болбосо, өлкө чоң максаттарга жетпейт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде  Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү  аземине катышты. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. 

Мамлекет башчысы парламенттин депутаттарына  жаңы өкмөттүн курамын жана программасын колдоп бергендери үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана Өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктады.

Ал өкмөт мүчөлөрүнүн мамлекет жана эл алдындагы чоң жоопкерчилигин  баса белгиледи.

“Ант – ыйык. Элибиз эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Антты ыйык туткан адам – эч качан коррупция жолуна түшпөйт.  "Адамдын оозунан ант чыкканда, жараткандын кулагы ачылат” дейт. Ал эми антты бузуу бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген жаман жосун катары кабылданган. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында сиздерге чейин да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Парламент менен Өкмөткө эриш-аркак жана биримдикте, кыргызстандыктардын кызыкчылыгында иштөөнү каалады.

Мамлекет башчысы бийлик бутактарынын ортосунда биримдик жок болсо, өлкөдө чоң стратегиялык максаттарга жетүү мүмкүн эместигин белгиледи.

“Бизде баардык бийлик бутактары эриш-аркак иштегенге шарттар бар. Өлкөбүздүн, мамлекетибиздин кызыкчылыгын баарынан жогору койсок, элибиздин жашоо-шартын оӊдой алабыз, бакубат өлкөнү курабыз. “Күч бирдикте” дейт элибиз, ошондуктан бир билек, бир тирек болуп өлкөбүздүн түндүгүн бийик көтөрөлү, Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү!”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.