09.04.2019 18:02

SportBeauty 2019: Барчынай Узгенбаева эки номинацияда жеңишке ээ болду

SportBeauty 2019: Барчынай Узгенбаева эки номинацияда жеңишке ээ болду

Ринг ичинде муштум кезеп, соккусу менен аба жарган кыздар, бул ирээт булчуңу менен эмес, чырайы менен жарышышты. Спорт менен сулуулукту бириктирген "Спорткраса-2019" фестивалы Ялта шаарында өттү. Саамалыкка биздин спортчу бийкечибиз, ММА мушкери Барчынай Узгенбаева да катышкан.